Улуттук кардиология жана терапия борборунун гастроэнтерология бөлүмүнүн башчысы Мамираим Жумабаев Sputnik Кыргызстан пресс-борборунда өткөн брифингде өлкөдөгү семирүү жана ашыкча салмак көйгөйү тууралуу айтып берди.
Кыргызстандагы абал
Дарыгердин айтымында, семирүүнүн таралышы өлкөдө абдан жогору: май алмашуунун бузулушу, ашыкча салмак жана семирүү болжол менен 56% түзөт. Ал эми так семирүү жөнүндө сөз кылганда, ар төртүнчү кыргызстандык, тактап айтканда 27% ушул илдеттен жапа чегет.
Адис бул сандарды кооптуу деп эсептейт. Ал дүйнө жүзү боюнча ашыкча салмак калктын 37% кездешсе, Кыргызстанда бул көрсөткүч 50% ашып, башка өлкөлөрдөн алдыда экенин белгиледи.
Мындай абалдын себептери катары дарыгерлер кыймылдын аздыгын, фастфудду көп колдонууну жана таттуу суусундуктарды ичүүнү аташат.












