Hib-инфекциясы Haemophilus influenzae тип b (гемофил таякчасы) бактериясынан козголот. Ал оор ооруларга, анын ичинде бактериялык менингит, эпиглоттит, пневмония жана сепсиске алып келиши мүмкүн. Айрым учурларда инфекция угуунун начарлашы, көрүүнүн бузулушу, шал болуу, атүгүл өлүм сыяктуу олуттуу кыйынчылыктарга алып келет.
Негизги сандар
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ВОЗ) маалыматы боюнча, гемофил инфекциясынын инвазивдүү түрлөрүнүн 90%дан ашыгы беш жашка чейинки балдарга туура келет. Эмчектеги балдар өзгөчө аялуу топ болуп саналат.
Hib-инфекциясы козгогон менингит өзгөчө коркунучтуу. Убагында дарыласа да, оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. ВОЗдун баалоосу боюнча, менингиттин бул түрү менен ооруган балдардын 20–40% дүлөйлүк жана сокурлукка чейин жеткен кыйынчылыктарга кабылышат.
Профилактика үчүн беш коркунучтуу инфекциядан бир эле учурда коргогон пента-вакцина колдонулат. Эмдөө баланын өмүрүнүн алгачкы айларынан башталып, Улуттук профилактикалык эмдөө календарына ылайык жүргүзүлөт.
Hib-инфекциясына каршы эмдөө балдарды оор оорулардан коргоонун эң ишенимдүү жолу.
Адистер ата-энелерди эмдөө графигин сактоого жана балдарын өз убагында эмдетүүгө чакырышат. Бул инфекциянын оор түрлөрүнөн жана мүмкүн болгон кайгылуу кесепеттерден сактайт.
















