Нарын шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, шаарда агынды сууларды тазалоочу жаңы курулмалардын курулушу уланууда. Бүгүнкү күндө иштердин 30 пайызы аткарылган.

Курулуштун жүрүшү менен Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев долбоордун өнөктөштөрүн тааныштырды. Алардын катарында Кыргыз Республикасындагы Швейцария Конфедерациясынын элчиси Сироко Мессерли жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕӨРБ) аймактык директору Нодира Мансурова бар.

Курулуш «Нарын шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Жаңы тазалоо курулмалары 20 миң адамга ылайыкталган. Агынды суулар тазалоонун үч баскычынан өтөт: механикалык, биологиялык жана химиялык.

Мындан тышкары, шаардын чыгыш жана батыш бөлүктөрүнүн тургундары курулуп бүткөн канализация тармактарына кошула алышат. Ошондой эле эки райондо канализациялык насостук станциялар тургузулган.