Энергетика министрлиги «Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө» министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документте көмүрдү автоунаа менен ташып чыгууга алты айга тыюу салуу сунушталып жатат.

Тыюу ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2701 жана 2702 болгон көмүргө тиешелүү болот. Бирок ал «Иркештам-автожол» жана «Торугарт-автожол» өткөрмө бекеттеринде колдонулбайт.

Чектөө «Кыргызкөмүр» ААКына жайылтылбайт. Компания мамлекеттик чек арадагы каалаган өткөрмө бекет аркылуу көмүрдү автоунаа менен ташып чыга алат.

Борбордук Азия өлкөлөрүндө катуу отунга суроо-талаптын өсүшү шартында Кыргызстандын ички рыногун көмүр менен камсыздоону турукташтыруу, тартыштыкты алдын алуу жана экспорттук көлөмдү көзөмөлдөө маселелери өзгөчө актуалдуу болуп жатат.

Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана ички рыноктун муктаждыктарын биринчи кезекте канааттандыруу максатында мурда да көмүр экспортун мамлекеттик жөнгө салуу чаралары көрүлгөн. 2026-жылы алар көмүрдүн тартыштыгын алдын алууга, анын ичинде альтернативдүү отунга жеткиликтүүлүгү чектелген аймактарда жардам берген.
Справка-негиздемеден

Справка-негиздемеге ылайык, 2026-жылдын январынан 20-октябрына чейин «Кыргызкөмүр» аркылуу автоунаа менен 539 миң тоннага жакын көмүр экспорттолгон, анын суммасы 3 миллиард сомдон ашкан. Компаниянын таза кирешеси 126,5 миллион сомду түзгөн.

«Кыргызкөмүр» аркылуу экспорт (2026-жыл, январь–октябрь)

539 миңтонна көмүр
3 млрдсом сумма
126,5 млнсом таза киреше

Иштеп чыгуучулар тыюу ички рынокто катуу отундун тартыштыгын алдын алып, өзгөчө күз-кыш мезгилинде баалардын өсүшүн токтотуп, контрабанданы бөгөттөөгө жардам берерин белгилешет.

Жаңы документ күчүнө киргенден кийин 2026-жылдын 20-июнундагы №430 токтом күчүн жоготот. Токтом расмий жарыялангандан үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.