Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө боюнча участкалык инспектору, милициянын капитаны Гүлбарчын Уланбекова Turmush басылмасына курган маегинде кесиптик жолу, тоолуу аймактагы кызматтын өзгөчөлүктөрү, өспүрүмдөр менен иштөөнүн назик жактары жана кесиптик жоопкерчилик тууралуу айтып берди.
Гүлбарчын Уланбекова 1998-жылы 19-апрелде Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызарт айылында туулган. 2015-жылы өз айылындагы мектепти аяктагандан кийин Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин академиясына тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолун Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматында баштап, ал жерде эки жылга жакын иштеген. Андан кийин Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө жашы жете электер менен иштөө багытына которулган.
Тоолуу аймактагы кызматтын өзгөчөлүктөрү
Бийик тоолуу аймак жана Нарын облусунун климаттык шарттары кызмат өтөөдө өзгөчөлүктөрдү жаратат. Айрыкча кыш мезгилинде катуу суук жана тайгак жолдор кошумча кыйынчылыктарды алып келет. Кээде алыскы айылдарга убагында жетүү да оңой болбой калат.
Ушундай шарттарга карабастан, жарандардын коопсуздугу ар дайым биринчи орунда турат. Инспектор Уланбекова өспүрүмдөр менен иштөөдө алардын ишенимине кирүү, көйгөйлөрүн угуу жана туура жолго багыттоо маанилүү экенин белгилейт.

























