Нарын облусунун Ак-Талин районундагы Ак-Чий айылында сел коргоо каналынын 502 метрлик бөлүгүн оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул канал былтыркы сел агымынан калыптанган зыяндын кесепетинен бузулган.

Айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, оңдоо иштерин Мамлекеттик Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен 20 млн 225 миң 130 сом бөлүп берген. Бул иштерди «Нарын курулуш» мамлекеттик мекемеси жүргүзүүдө.

Мурда канал жөн гана бетон менен капталып, суу агымдарына каршылык көрсөтө алган эмес. Азыр эми анын түптөлүшү жана дубалдары арматуралык материалдар менен бекемделип, темир-бетон каналы катары кайра курулууда.

Ак-Чий айылы өткөндөгү жаан-чачындан улам бир нече жолу сел агымына кабылып, сел коргоо каналы жана Нарын—Баетов—Макмал унаа жолунун бир бөлүгү бузулган болчу.