Turmush басылмасы билдиргендей, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун аймагында жергиликтүү тургундарга, айрыкча жашы жете элек балдарга кооптуу суу сактагычтарда сууга түшүүгө тыюу салынды.

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Таштан Мокеевдин айтымында, ысык аба ырайына байланыштуу сууга түшкөндөрдүн саны кыйла көбөйгөн. Буга байланыштуу, жергиликтүү тургундардын, өзгөчө балдар менен өспүрүмдөрдүн суудагы коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктарды алдын алуу максатында куткаруучулар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү.

Ак-Талаа районунун аймагындагы кооптуу суу сактагычтар изилденип, жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар менен сууда коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ата-энелерге жашы жете элек балдарды кароосуз калтырбоо жана тыюу салынган, жабдылбаган жерлерде сууга түшүүгө жол бербөө тууралуу эскертүүлөр берилди.

Мындан тышкары, мурда шагыл казылган жерлерде жана жер астындагы суулар толуп пайда болгон жол жээгиндеги кооптуу суу сактагычтарга «Сууга түшүүгө тыюу салынат!» деген эскертүүчү белгилер орнотулду. Жарандарга бул жерлер сууга түшүүгө ылайыкталбаганы, суунун сапаты текшерилбегени жана алар өмүргө коркунуч туудурары түшүндүрүлдү.

Т. Мокеевдин маалыматы боюнча, «Нарын—Баетов—Макмал» унаа жолуна асфальт төшөө учурунда шагыл казылган карьерди кыска мөөнөттө рекультивациялоо тапшырмасы берилген.