Материалдар: 170
27-июль күнү Кыргызстанда аба ырайынын божомолу белгилүү болду. Өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаашы күтүлсө, республиканын көпчүлүк бөлүгүндө күн ачык жана жогорку температура сакталат.
Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайкы мезгилде мал жайлоого чыкканда ветеринардык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо максатында көзөмөл иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу райондук ветеринардык башкармалык билдирди. Алыскы жайлоолордо ыкчам жардам көрсөтүү үчүн мобилдик топтор түзүлүп, алар атайын унаа, дары-дармек жана күйүүчү майлар менен камсыздалган.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 27-июлда Кыргызстанда күн жылуу болот. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кыска убакытка жаан жаай турган жерлер болбосо, абанын максималдуу температурасы 36 градуска чейин жетет.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 25-июлда Нарын облусунда Балыкчы — Кочкор темир жолунун биринчи этабын ачуу аземине катышты. Мамлекет башчысы жол куруу иштеринин өз күчүбүз менен аткарылып, чет өлкөлүк компаниялардын сунуштарынан кыйла төмөн баада бүткөрүлгөнүн баса белгиледи. Бул жетишкендикти улуттук инженердик потенциалдын белгиси катары баалады.
Нарын облусунда бир эркек киши белгисиз буюмдун жарылуусунан улам оң колунан айрылды. Бул окуя Ат-Башы районунун айылдарынын биринде 24-июлда болгон. Милиция кызматкерлери бул фактыны каттап, керектүү экспертизаларды дайындап, иликтөө иштерин баштады.
Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан, "суук уюлу" деп аталган Ак-Сай жайлоосунда жыл бою 65 чабан жашайт. Бул аймактагы малчылар менен үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу жана аларга керектүү жардамдарды көрсөтүү максатында ветеринардык кызматтар тарабынан атайын чаралар көрүлүүдө. Алардын жардамы менен малчылар жана ветеринарлар ортосунда түз байланыш каналдары жана социалдык тармактарда атайын топтор түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нарын облусундагы Балыкчы—Кочкор темир жолунун ачылыш аземине катышып, Кочкор станциясын инспекциялады. Бул участок масштабдуу долбоордун биринчи этабы болуп, өз күчүбүз менен чет элдик компаниялардын сунуштарынан кыйла арзан баада курулганын мамлекет башчысы баса белгиледи.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, жекшемби күнү, 26-июлда, Кыргызстандын кээ бир аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында күтүлөт.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жабдылбаган жана кооптуу суу сактагычтарда сууга түшүүгө тыюу салынды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тургундар, өзгөчө балдар үчүн ден соолукка жана өмүргө коркунуч туудургандыгы жөнүндө алдын алуучу маектерди өткөрүштү.
Кыргызстандын бир катар облустарында, тагыраагы Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында 25-июль күнү өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Баш калаа Бишкекте күндүз абанын температурасы +32...+34 градуска чейин жетет.
Нарын облусунун Жумгал районуна Кыргыз Республикасынын Президентинин Стабилдештирүү фондусунун жана «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондусунун каражаттарына сатылып алынган сегиз бирдик атайын техника берилет. Облус башчысы Нурбек Сатаров жумушчу сапарынын алкагында техниканын биринчи партиясын тапшырды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков «Wool KG» ишканасына барды. Ишкананы кеңейтүү планы жергиликтүү сырьёну кайра иштетүүнүн көлөмүн жогорулатып, жүн иштетүүнүн терең тармагында 50дөн ашык жаңы жумушчу орун түзүүгө мүмкүндүк берет.