27-июль күнү Кыргызстандын Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан жаашы мүмкүн экенин синоптиктер билдиришти. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Аймактар боюнча аба ырайы

Бишкек шаарында түнкүсүн абанын температурасы +17°C, күндүз +34°C болот.

Чүй облусунда түнкүсүн +14°C, күндүз +36°C чейин ысык болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +17°C, күндүз +38°C чейин ысык күтүлөт.