Ак-Сай жайлоосу Кыргызстандын "суук уюлу" катары белгилүү. Ал Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан. Ат-Башы райондук ветеринардык башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул катаал шарттарга карабастан, Ак-Сай жайлоосунда учурда 65 малчы (чарба) кышкысын да туруктуу жашап келет.

Мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында, ветеринарлар Ак-Сайдын бийик тоолуу жана катаал жайлоолорунда туруктуу жашаган чабандар менен байланышты күчөтүштү.

Райондук ветеринардык башкармалыктан билдиргендей, акыркы жылдары жайлоолордо жана бийик тоолордун этектеринде уюлдук байланыштын жеткиликтүүлүгү бир топ жакшырган. Бул мүмкүнчүлүктү натыйжалуу пайдалануу үчүн райондук ветеринардык башкармалык менен чабандардын ортосунда туруктуу түз байланыш уюштурулган.

Ошондой эле, жайлоодо жашаган бардык чабандар кирген социалдык тармактарда атайын топтор түзүлгөн. Бул топтор аркылуу чабандар өз суроолорун оперативдүү берип, жергиликтүү көйгөйлөр тууралуу кабарлап, малдын саламаттыгы боюнча маалыматты тез бөлүшө алышат.

Ак-Сай өрөөнү Кыргызстандын "суук уюлу" болуп саналат. Абанын минималдуу температурасы өрөөн бөлүгүндө –30°C, ал эми тоо зонасында –45°C чейин жетиши мүмкүн (Ак-Сай тоо аралык ойдуңунда эң жогорку чеги –54°C болгон). Максималдуу температуралар өрөөн бөлүгүндө +30°C, тоо зонасында +20°C чейин жетет. Тарыхта Ак-Сай өрөөнүндө өлкөдөгү эң төмөнкү аба температурасы –56,3 °C катталган.