25-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында аба ырайынын өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.

Ал эми Жалал-Абад облусунда бул күнү жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19 градус, күндүз +30…+35 градус жылуу болот.

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18 градус, күндүз +29…+34 градус жылуулук күтүлөт.

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21 градус, күндүз +31…+36 градус ысык болору болжолдонууда.