Нарын облусунун Жумгал районуна Кыргыз Республикасынын Президентинин Стабилдештирүү фондусунун жана «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондусунун каражаттарына сатылып алынган сегиз бирдик атайын техника берилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус башчысы Нурбек Сатаров 23-июлда Жумгал районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Стабилдештирүү фондусунун эсебинен сатылып алынган техниканын биринчи партиясын тапшырды.

Тактап айтканда, Түгөл-Сай айыл өкмөтүнө бир экскаватор, ал эми Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнө ата мекендик өндүрүштөн чыккан «Шумкар» үлгүсүндөгү таштанды ташуучу атайын техника берилди.

Жумгал районуна бериле турган техникалар

Жумгал районуна жалпы 8 бирдик атайын техника каралган

8