Бишкек шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жүн иштетүүчү «Wool KG» ишканасына иш сапар менен барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Бул ишкана жергиликтүү жүндү кабыл алып, жууп, кайра иштетүү менен алектенет. Ошондой эле тараган жүндү өндүрүп, өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүү долбоорун ишке ашырууда.

Учурда «Wool KG» жылына Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын фермерлеринен жана даярдоочуларынан 400 тоннага жакын жүн сатып алат. Ишканада 71 киши эмгектенсе, өндүрүштү кеңейтүү долбоору ишке ашкандан кийин дагы 50дөн ашык жаңы жумушчу орун түзүү пландалууда.

Долбоорду ишке ашыруу өлкө ичинде ата мекендик сырьёну кайра иштетүүнүн көлөмүн жогорулатып, продукциянын кошумча наркын жогорулатат жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.