Материалдар: 185
Баткен облусунда кыргыз-өзбек чек арасында жашыруун тоннель аныкталды. Бул тоннелдин мыйзамсыз товарларды жана адамдарды каршы жакка өткөрүүдө колдонулушу мүмкүн экени болжолдонууда.
40 күндүк улуттук аттуу жүрүш — «Биримдик караваны» VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата уюштурулуп, Баткен облусунун Кадамжай шаарында тосуп алынды. Анда жергиликтүү жетекчилер, аксакалдар жана тургундар катышып, кийинки багыт Кызыл-Кыя тарапка узартылды.
Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын пресс-кызматы Октябрь району боюнча жаш участковдук Абдулла Дүйшөбаев жөнүндө материал иштеп чыкты. Ал кызмат күндөрүндө жергиликтүү тургундар менен тыгыз байланышты орнотууда алгылыктуу натыйжаларга жетишкенин билдирди.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында бир катар курулуш объектилеринде коопсуздук жана санитардык эрежелер сакталбагандыгына байланыштуу курулуш иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана жашыл чарба министрлиги билдирет. Нарушениялар катталган объектилерге тосмолордун жоктугу, жарык берүү системасынын орнотулбаганы, жолдордун жетишсиздиги кирет. Компанияларга актылар түзүлүп, талаптар толук канааттандырылгандан кийин гана иштер уланат.
Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ак-Кыя айылында 375 окуучуга ылайыкташкан жаңы заманбап мектептин курулушу уланууда. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жаткан бул долбоордун наркы 265 миллион сомду түзөт.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурлан Жумалиев Баткен облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө жакында катталган селдин кесепеттерин жана калктуу конуштарды табигый кырсыктан коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды текшерди. Визиттин жыйынтыгында тиешелүү мекемелерге сел өткөрүүчү каналдарды кеңейтүү, көпүрөлөрдү реконструкциялоо жана стратегиялык объектилерди коргоо боюнча долбоордук-сметалык документтерди даярдоо тапшырмалары берилди.
27-июль күнү Кыргызстанда аба ырайынын божомолу белгилүү болду. Өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаашы күтүлсө, республиканын көпчүлүк бөлүгүндө күн ачык жана жогорку температура сакталат.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 27-июлда Кыргызстанда күн жылуу болот. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кыска убакытка жаан жаай турган жерлер болбосо, абанын максималдуу температурасы 36 градуска чейин жетет.
Баткен облусундагы «Баткен электр тармактары ишканасы» филиалында «НЭС Кыргызстан» ААКнын буйругу менен кадрдык өзгөрүүлөр болуп, жаңы директорлор жана алардын орун басарлары, ошондой эле райондук ишкананын жетекчиси дайындалды.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, жекшемби күнү, 26-июлда, Кыргызстандын кээ бир аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында күтүлөт.
Кыргызстандын бир катар облустарында, тагыраагы Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында 25-июль күнү өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Баш калаа Бишкекте күндүз абанын температурасы +32...+34 градуска чейин жетет.
Ош шаарында жайгашкан "Визион Групп" курулуш компаниясынын мурдагы жетекчиси жана негиздөөчүсү Замирбек Орозбаев укук коргоо органдары тарабынан кармалды. Бул кармоо алданган үлүшчүлөрдүн акчасын мыйзамсыз пайдалануу жана кредиттик каражаттарды чыгарып кетүүгө байланыштуу бир нече кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында жүргүзүлүүдө.