Абдулла Дүйшөбаев 2001-жылы Баткен облусунун Сүлүктү шаарында туулган. 2018-жылы Сүлүктүдөгү Мухаммед Тургун Ибраимов атындагы №3 орто мектебин аяктап, ошол жылы Кыргыз Эл аралык университетинин юридика факультетине тапшырат.

2023-жылы университетти бүтүп, өлкөнүн Ички иштер министрлигинин Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикандык окуу борборуна тапшырып, 2024-жылы аны ийгиликтүү аяктайт.

Ички иштер органдарындагы карьерасын Бишкек шаардык милициянын патрулдук кызмат ротасында баштап, учурда Октябрь районунун Рухий-Мурас турак жай массивиндеги участковдук катары иштейт.

Ал өзүнүн кызматында жергиликтүү калк менен бири-бирине жакындай иштешкенин, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштардын алдын алуу иштеринде тургундардын ар дайым колдоосу бар экенин белгиледи.