«НЭС Кыргызстан» ААКнын башкы директору Илгиз Сыдыгалиевдин буйругу жана Директорлор кеңешинин чечими менен «Баткен электр тармактары ишканасы» филиалында бир катар кадрдык дайындоолор жүргүзүлдү.

Ага ылайык, төмөндөгү кызматтарга жаңы жетекчилер бекитилди:

Маркаев Каланбек Орозович — филиалдын директору болуп дайындалды.

Мамадалиев Нурлан Заттарбекович — коммерциялык маселелер боюнча директордун орун басары кызматына келди.

Аскаров Нурали Айдаралиевич — башкы инженердин орун басары болуп дайындалды.

Саттаров Эрлан Нургазыевич — Кадамжай райондук электр тармактары ишканасынын жетекчиси болуп бекитилди.

Жаңы жетекчилерди жамаатка «НЭС Кыргызстан» ААКнын коммерциялык маселелер боюнча башкы директордун орун басары Уларбек Дүйшө уулу тааныштырды.