Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана жашыл чарба министрлиги Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарындагы бир катар курулуш объектилеринде коопсуздук жана санитардык талаптар бузулганы аныкталгандыгына байланыштуу аларда курулуш иштерин убактылуу токтотту.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө курулуш аянтчалары толук тосулбаганы, жөө адамдардын коопсуздугун камсыздоочу тосмолор жана капчандар орнотулбаганы, сырткы жарык берүү системасы жоктугу, курулуш объектиге жетишүүчү жолдор жана унаа дөңгөлөктөрүн жуучу жайлар уюштурулбаганы белгиленди.
Нарушение катталган объекттер Кызыл-Кыя шаарындагы Ленин көчөсү, 3Б дарегиндеги 3төн 7 этажга чейинки турак жай комплекси, Кулатова көчөсүндөгү 7 жана 8 этаждан турган эки блоктуу турак жай, ошондой эле 132А дарегиндеги 7 этаждуу турак жай комплексинде орун алган.
Бул объектилерге тиешелүү курулуш компаниялары — "Золотой Квадрат" ЖЧКсы, "Элит Гранд" жана "Асыл Холдинг" компанияларына талаптарды бузгандыгы боюнча актылар түзүлүп, бардык талаптар толук сакталганга чейин курулуш иштер токтотулган.
Мамлекеттик архитектуралык курулуш контролдоо департаменти "Кыргыз Республикасында курулуш өндүрүшүн уюштуруу" боюнча талаптардын сакталуусу зарылдыгын эскертет жана эрежелерди бузган учурда курулуш иштери токтотула тургандыгын эскертет.











