Азыркы учурда аймактагы сугат суусунун жетишсиздигин чечүү максатында арыктарды тазалоо жана алардын багытын түзөтүү иштери жүрүп жатат. Райондук суу чарба башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул иштердин натыйжасында суу кошумча жерлерге бирдей бөлүнүп жеткирилет.

5каналдын узундугу (км)
1,2бетон төшөлө турган аралык (км)

Бетон төшөө иштери заманбап технологияларды колдонуу менен жүргүзүлөт. Бул долбоордун алкагында район боюнча мурда 9,5 километр арыкка бетон төшөө жана 6 километр арыкка бетон куюу иштери аткарылган, учурда Орто-Арык каналы гана калган.

Жергиликтүү тургундар да иштерге колдоо көрсөтүүдө. Айыл аксакалы Эркинбек Карыпбаев жумушчуларга ыраазычылык билдирип, айылдаштарын ашар — чогуу эмгек кылууга чакырды. Ал өз эсебинен жумушчуларга тамак даярдоо үчүн мал союуну убада кылды.