Кыргызстандын жарандары майыптыкты кайрадан текшерүү процедурасын медициналык документтерди берүү аркылуу аралыктан өткөрө алышат. Бул тууралуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун дарыгер-эксперти Рита Сукорова «Биринчи радио» эфирүндө билдирди.

Анын айтымында, мындай мүмкүнчүлүк алыс аймактарда жашаган жана кыймыл-аракети чектелген, оор абалда жүргөн же транспорт менен жеткирүү мүмкүн болбогон бейтаптар үчүн түзүлгөн. Ошондой эле чет өлкөдө дарыланып жаткан жарандар да ушул категорияга кирет.

Санариптештирүү жана «Түндүк» системасы

Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун директорунун орун басары Эльмар Эралиев МСЭК системасындагы текшерүү процесси бүтүндөй өлкө боюнча толугу менен санариптик форматка өткөнүн белгиледи.

Учурда медициналык уюмдар документтерди МСЭКке электрдик түрдө гана жөнөтүшөт, ал эми майыптыкты белгилөө боюнча маалыматтар «Түндүк» мамлекеттик системасына автоматтык түрдө интеграцияланат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция боюнча министрликтин маалыматы боюнча, санариптештирүү адамдык фактордун таасирин азайтууга, ортомчуларды четтетүүгө жана коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Бул эксперттердин ишин бир топ жеңилдетти. Бирок кээде диагноз толук жазылбай калат же бардык анализдер берилбейт. Бул майыптык тобун аныктоо процессин татаалдаштырат, ошондуктан дарыгерлерден маалыматты тактоо керек болот.
Эльмар Эралиев

Бирок маалыматтар толук берилбеген учурларда, экспертиза процессин узартууга туура келет.