Жогорку Кенештин депутаты Улан Бакасов 11-ноябрда өткөн жыйында Нарын облусундагы жол курулуштары боюнча маселени көтөрдү. Анын маалыматы боюнча, көптөгөн жолдордун курулушу аягына чыкпай калган, бирок алардын үчүн каражат бөлүнүп турат.
Мен Финансы министрлигинен тактадым: акча бөлүндү, бирок аны колдоно алышпай жатышат. Биз бул тууралуу жаздын башында, жайында жана күзүндө айттык — жыйынтык жок. Акыркы жолу 9-сентябрдан баштап деп убада берилген, бирок ошондон бери эч нерсе болгон жок. Министр өзү бүтүрүп коюуга убада берген, бирок бир метр асфальт да төшөлгөн жок.
Депутаттын айтымында, төмөнкү жолдордун курулушу токтоп калган:
- Ак-Талаа районундагы Баетов — Макмал жолу
- Нарын районундагы жолдор
- Ача-Кайыңды — Май-Босого жолу
- Ат-Башы районундагы Ак-Жар, Ача-Кайыңды жана Казыбек айылдарынын ички жолдору
- Нарын шаарындагы лотоктор
«Баштасаң — бүтүрүш керек эле, же такыр баштабай эле коюш керек болчу. Бул элдин бийликке болгон ишенимин жоготуп, нааразычылык жаратууда», — деп белгиледи Бакасов.
Жогорку Кенештин спикери Марлен Маматалиев министрдин убадасын аткарууну көзөмөлдөө үчүн Министрлер Кабинетине, ал эми тиешелүү комитетке протоколдук тапшырмалардын аткарылышын текшерүү үчүн тапшырма берди.















