Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ош—Иркештам автожолун реконструкциялоонун биринчи этабын ишке ашырууга даярданууда. Бул иш Ош—Каратай аралыгындагы 25 чакырымдык жол участогун кеңейтүүнү камтыйт. Бул тууралуу 11-ноябрда Жогорку Кенештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Депутаттын айтымында, долбоорго Фуркат, Баш-Булак жана Талдык айылдарында жер астындагы жөө жүрүүчү өтмөктөрдү кошуу зарыл. Бул айылдарда жолдун эки тарабында мектептер жана бала бакчалар жайгашкан.

Ошондой эле Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы 22 чакырымдык жолдун асфальттоо мөөнөтү боюнча маселе көтөрүлдү. Депутат Нуржамал Торобекованын маалыматы боюнча, 2026-жылы жолдун 10 чакырымы асфальтталат.

22жалпы узундук (км)
102026-жылы асфальтталат (км)
12калган бөлүгү (км)
Жартысын асфальттап, таштап койсо болбойт. Жители Ош шаарына айланып барып жетет.
Нуржамал Торобекова, депутат

Депутат Торобекова калган 12 чакырымдык жолду Транспорт министрлигинин 2027-жылга каралган пландарына кошууну суранды.