Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Жети-Өгүз айылынан курортко чейинки жолду реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Жолдун жалпы узундугу 17 чакырымды түзөт.
Долбоорго ылайык, жолдун айрым бөлүктөрү төрт тилкелүү болуп курулат, ал эми калган бөлүктөрү эки тилкелүү бойдон калат. Учурда курулуштун алгачкы этабында жер жумуштары жана жолдун негизин даярдоо иштери жүрүүдө.
Мындан тышкары, жолдун оң тарабына велосипедчендер үчүн атайын веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар салынат. Бул туристтердин жана эс алуу аймагына баруучу жергиликтүү тургундардын коопсуз жүрүүсү үчүн шарттарды түзөт.
Ошондой эле, жолдун инженердик инфраструктурасы жаңыланып, жол жээктери тартипке келтирилет. Реконструкциялоо туристтик аймакка жетүүнү жакшыртууга жана жайкы туристтик мезгилде тыгындарды азайтууга багытталган.
Долбоорду толугу менен 2027-жылы аяктоо пландаштырылган.



