Чүй облусундагы Арашан — Чункурчак автожолу толук 7 см калыңдыктагы асфальтобетондун биринчи катмарын алды. Бул маселени Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Бул жол туристтер үчүн маанилүү маршрут болуп, конокторду таанымал тоо лыжа базаларына жана эс алуу аймактарына жеткирет. Жалпы узундугу 20 км 731 метр.
Долбоордун алкагында биринчи катмар бүткөндөн кийин 5 см калыңдыкта экинчи катмарды да түшүрүү пландалууда.
Мындан тышкары насыят дубалдары курулуп, суу өткөргүчтөр орнотулду. Жол коопсуздугун камсыздоо максатында металл тосмолордун 60% жана жол белгилеринин 80% орнотулду.
Долбоордун алкагында эки көпүрөнүн курулуш жумуштары толугу менен аяктап, жумуштар министрликтин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.
Бул иш чаралар региондун транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.







