Чүй облусунун Тоо-Ашуу ашуусунда аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаай баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочулардан жол эрежелерин так аткарууну, унаалар арасындагы дистанцияны сактоону жана дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну өтүндү.