Панфилов районунун Вознесеновка айылында мектептин кошумча корпусун куруу мүмкүнчүлүгү бар. Бул маселе президента Садыр Жапаровдун айыл тургундары менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндө чечилди.

Жолугушууга катышкан айылдын өкүлү мектепте окуучулардын саны өсүп жатканын, ошол себептүү кошумча имараттын зарылчылыгы келип чыкканын белгиледи. Мындан тышкары, учурдагы мектептин имараты капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экени айтылды.

Бул сунуштарга жооп катары мамлекет башчы курулуш жана билим берүү министрликтерине аталган маселени карап чыгууну жана жаңы имаратты 2028-жылга чейин куруп берүүнү тапшырды.