президента Садыр Жапаровдун Чүй облусунун тургундары менен болгон жолугушууларынын алкагында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.

Иш сапарлардын жүрүшүндө 100га жакын адам акысыз укуктук консультацияларды алды. Адистер жергиликтүү тургундардын актуалдуу суроолоруна жооп берип, ошондой эле расмий арыздарды кабыл алышты, алар тиешелүү бөлүмдөргө иштөө үчүн өткөрүлүп берилди.
Юстиция министрлигинин билдирүүсү

Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын, Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынын, Юридикалык жардам кызматынын жана Пробация департаментинин кызматкерлеринин түздөн-түз катышуусу менен мобилдик кабыл алуу пункттарынын иши уюштурулду.

Юристтер кеңеш берүү иштерин төмөнкү аймактарда жүргүзүштү:

Адистер жергиликтүү тургундардын актуалдуу суроолоруна жооп берип, расмий арыздарды кабыл алышты. Арыздар тиешелүү бөлүмдөргө иштөө үчүн өткөрүлүп берилди.