9-ноябрдан тарта Нарын облусунун Ак-Тала районундагы Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектепте шахмат боюнча райондук мелдештер башталды. Бул мелдештер Кыргызстандын Президентинин кубогун утуп алуу үчүн өткөрүлүп жатат.
Ачылыш аземине райондук бийлик өкүлдөрү жана жаш шахматчылар катышты. Буга чейин аталган турнирдин мектеп ичиндеги этабы ийгиликтүү өткөрүлүп бүткөнүн билдиришет.
Турнирдин катышуучулары
Мелдеш 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар жана кыздардын ортосунда өткөрүлүүдө. Турнирдин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр облустук этапта катышуу үчүн жол алат.

















