Саламаттык сактоо министрлиги КРВИ, сасык тумоо жана коронавирус инфекциясынын жайылышына жума сайын мониторинг жүргүзүп турат. Акыркы маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын 45-жумасында (2-ноябрьдан 8-ноябрга чейин) республика боюнча жалпы 10 900 учур катталды.

Эпидемиологиялык көрсөткүчтөр

10 900ооруган адамдар
71,1%балдардын үлүшү
7 75214 жашка чейинки балдар
9,7%оң жыйынтык көрсөткөн үлгүлөр

Оорулардын интенсивдүүлүгү 148,4ди түздү. Бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу 4,4%га жогору болсо, 2025-жылдын ушул мезгилине караганда 1,6 эсе көп.

Ооруган адамдардын көпчүлүк бөлүгүн — 71,1%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Учурда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында тандалма эпидемиологиялык көзөмөл иштери жүрүп жатат.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, 40-жумадан 45-жумага чейин алынган 464 үлгүлөрдүн ичинен 55 үлгү оң жыйынтык көрсөткөн.