Президент Чүй облусунун бир нече аймагын кыдырып, жергиликтүү калктын кайгылуу жана сунушталган маселелерин угуп чыкты. Президенттин администрациясынын билдирүүсүнө караганда, тургундар айрым айылдарда ичүүчү суу менен камсыздоо, ички жолдорду оңдоо жана куруу, ошондой эле мектептер менен бала бакчалардын жетишсиздиги тууралуу көтөрдү.

Мындан тышкары, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай менен камсыздоо, жер участокторун берүү жана кыймылсыз мүлккө болгон укук белгилөөчү документтерди тариздөө маселелери да талкууланды.

Садыр Жапаров бардык кайрылууларды угуп чыккандан кийин, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилеп берди. Ал мамлекет тарабынан 2028-жылга чейин өлкөдөгү эскирген жана авариялык абалда болгон мектептердин көйгөйүн толугу менен чечүү максат коюлганын эске салды.

Социалдык объекттерди пландаштырууда биринчи кезекте мектептердин курулушуна, андан соң бала бакчаларга басым жасалат. Кийинки этаптарда маданият үйлөрүн жана спорттук комплекстерди куруу каралган.

Президент белгиленген көйгөйлөрдү бардык муктаждыктарды эске алуу менен, этап-этабы менен жана пландуу түрдө чечүү болорун баса белгиледи.