Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Чүй облусуна жасаган иш жүзүндөгү сапары учурунда Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушууда көрүүсү начар балдар үчүн мектептин жайы өзгөрө турганын айтты. Панфилов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мектеп жаңы имарат курулгандан кийин Воронцовкага көчүрүлөт.
Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундардын бири мектептин ордун өзгөртпөө өтүнүчүнө кайрылды. Анын айтымында, мектепте өлкөнүн жети облусунан келген 240 бала билим алууда. Ата-энелер мурда дагы бул маселе боюнча кайрылуу жасашкан, бирок жооп алышкан эмес.
Имараттын абалы жана жаңы долбоор
Билим берүү министри Догдуркул Кедирбаева учурдагы мектептин имараты 1939-жылы салынгандыгын жана азыркы абалы канааттандырарлык эмес экенин белгиледи. Министрдин маалыматы боюнча, имаратты капиталдык оңдоо мүмкүн эмес жана балдардын жашоо шарттары талапка жооп бербейт.
Мектеп тууралуу маалымат
Жаңы мекеме үчүн Воронцовка районунда 3 гектар жер бөлүнгөн. Ал жерде сенсордук жана тактилдик шарттары бар заманбап реабилитациялык борбор куруу пландалууда. Ошондой эле балдарды ташуу үчүн автобус уюштуруу жана мугалимдердин жашоосу үчүн шарт түзүү маселелери каралууда.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев учурдагы мектеп бир гектардан аз аянтында жайгашканын жана эки эски корпустан тургандыгын тактады.















