Президент Садыр Жапаров Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушууда Васильевка айылындагы мектептин шартын талкуулады. Мамлекет башчысы билим берүү мекемесинин толуп кетүү маселесин чечүүнү тапшырды.

Жергиликтүү тургун Абдикерим Сыдыков Васильевка айылындагы №1 мектептин абалы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, окуу жай 1984-жылы курулуп, 600 окуучуга ылайыкталган, бирок учурда анда 2 260 бала билим алууда. Орун жетишпегендиктен сабактар бир нече сменде өтүүдө.

Бул мектеп фонддун каражатына курула турган 14 билим берүү мекемесинин тизмесине киргизилген. Ошол 14 мектептин бири дал ушул айылда пайда болот.
Нурдан Орунтаев, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев маселени чечүү үчүн Васильевка айылында Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына жаңы мектеп куруу пландалып жатканын белгиледи.

Мектептин абалы

1984жылы курулган
600окуучуга ылайыкталган
2260учурдагы окуучулар