Жолугушууда Бишкек шаарынын тургуну Бегимай Эмиль кызы президентке кайрылып, энеси Шакиана Куренкееванын өлүмү боюнча ишти объективдүү кароого көмөк көрсөтүүнү суранды. Ал энеси шаардык №7 поликлиникада медайым болуп иштегенин, 34 жылдык эмгек стажы бар экенин айтты.

Анын айтымында, энеси 2024-жылдын 23-октябрында жумуш ордунда инъекция алгандан кийин каза болгон. Эмгек министрлиги окуянын жагдайын карап, өндүрүштөгү бактысыз окуя жөнүндө акт түзгөн. Тиешелүү органдар өлүмдү өндүрүштүк деп тааныган.

Бирок үй-бүлөгө компенсация төлөө маселеси азырынча чечиле элек. Бегимай Эмиль кызынын айтымында, поликлиниканын жетекчилиги компенсацияны соттун чечиминин негизинде гана төлөй турганын билдирген.

Ал ошондой эле Бишкек шаардык сотунун чечимине макул эместигин, ишти кароодо мыйзам бузууларга жол берилгенин жана материалдарда документтердин бир бөлүгү жок экенин белгиледи. Аял мыйзам алкагында адилеттүү кароону камсыз кылууну суранды.

Сот тутумунун өкүлү медайымдын өлүмү анафилактикалык шоктон улам болгонун, анын жакындарына түшүндүрмө берди.

  1. Президент сот тутумуна ишенбөөчүлүк мурунку жылдарга салыштырмалуу азайганын белгиледи.
  2. Кээ бир судьялар иштерди кароону создуктуруп жатышат.
  3. Айрым чечимдер акчанын жана жеке байланыштардын таасири астында кабыл алынат.
  4. Президент медайымдын өлүмү боюнча ишти иликтөөнү тапшырды.