Жыйынды министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеди. Ал күн тартибине инвестициялык саясат жана ири долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу маселелер киргизилгенин билдирди.
Биринчи маселе катары улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндөгү токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү каралды. Өзгөртүүлөр жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну камсыздоого, мамлекеттик колдоо чараларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле улуттук инвестициялык долбоорлорду тандоо жана коштоп жүрүү тартибин өркүндөтүүгө багытталган.
Чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга жана аймактарды өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында «Бишкек», «Каракол», «Лейлек», «Маймак» жана «Нарын» эркин экономикалык аймактары жөнүндөгү жоболорду бекитүү тууралуу токтомго да өзгөртүүлөр киргизилди.
Нарын облусунда энергия көп талап кылуучу, көмүртеги аз өндүрүштөрдүн өнөр жай паркын куруу жана иштетүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө тескеме кабыл алынды.
Ошондой эле Касымалиев президенттин администрациясына киргизилүүчү ар бир ченемдик укуктук актынын долбоорун кылдат иштеп чыгууну тапшырды.













