Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкекте Кыргызстандын аялдар футболу боюнча чемпионатынын акыркы оюну өттү. «Азиягол» жана «Достук» командалары беттешип, чемпиондук наам талашылды.

Оюн «Достуктун» пайдасына 2:0 эсебинде аяктады. Бул жеңиш командага турнирдик таблицада атаандашын айланып өтүп, алтын медалдарды жана чемпиондук титулду камсыз кылды.

«Достук» командасы Кыргызстандын аялдар футболу боюнча 2026-жылкы чемпиону аталды.
КФС маалыматы боюнча

Келерки жылы «Достук» эл аралык аренага чыгып, Кыргызстанды Азия Чемпиондор Лигасында көрсөтөт.