Мамлекет башчысынын сапары катардагы иш график эмес, калыптанган саясий форматка айланган. Президент алдын ала даярдалган «кезекчи» аксакалдар же жергиликтүү актив менен эмес, карапайым жарандар менен жолугуп, курч суроолорго жооп берип, кээ бир маселелерди ошол жерден чечүүгө тапшырма берди.

Бул ыкма саясат таанууда түз башкаруу методу катары белгилүү. Жапаровдун жасалма отчеттордон, жалган сандардан жана кезекчи убадалардан алыстоо аракети реалдуу абалды ичинен билүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ошол эле учурда бул түз жолугушуулар бийлик вертикалынын кайсы бутагында иш токтоп жатканын аныктоого жардам берди.

Мамлекет башчысы жергиликтүү бийлик же укук коргоо органдары, адатта, «фильтрден» өткөрүп, жетекчиликке жеткирбей келген терс көрүнүштөрдү ашкереледи. Алардын шалаакылыгы президенттин түз байланышы аркылуу ачыкка чыкты.

Мыйзам менен абийирдин ортосунда

Тогуз-Торо районундагы жолугушууда Токмоктон атайын келген Ширин Абдурахманов өз кайгысын айтып, атасы Доодарбек Абдурахмановдун 2 миң сом пара берген деп айыпталып, эки жылга эркинен ажыратылганын билдирди. Ал сот процессин адилетсиз деп эсептейт.

Атам 2 миң сом пара берген деген айып менен соттолгон. Бирок ал күнөөсүз, иш адилетсиз каралды.
Ширин Абдурахманов, Тогуз-Торо районунун тургуну

Бул бир гана учур эмес, жергиликтүү бийликтин көзөмөлсүз ишинин көрсөткүчү катары бааланды. Президент мындай фактыларга көңүл буруп, жыл аягында жетекчилердин ишине толук баа берилерин эскертти.

Кадр саясатындагы күтүлгөн өзгөрүү

Жапаровдун билдирүүсүнөн кийин жергиликтүү жана ведомстволук органдардын жетекчилеринин ишмердүүлүгүнө олуттуу баа берилери күтүлүүдө. Бул кадр саясатындагы олуттуу өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн.