Президент Садыр Жапаров Сокулук районунун тургундары менен жолугушуп, объектилерди зарыл документтери толук бүтмөйүнчө курууга киришүүгө тыюу салды. Бул тууралуу мамлекет башчысы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) маселесин талкуулоо учурунда билдирди.
Жергиликтүү тургундун айтымында, ФАП араб инвесторлорунун каржылоосу менен курулган, бирок айыл эли аны өз карамагына ала албай жатат. Пунктта стоматологиялык кабинет ачуу пландалып, керектүү жабдуулар даяр турганы менен, аларды колдонууга уруксат жок.
Сокулук районунун акими Илияз Ташикулов курулуш 2021-жылы башталып, 2022–2023-жылдары аяктаганын, бирок текшерүүдө объект белгиленген талаптарга жооп бербегени аныкталганын түшүндүрдү. Документтерди тариздөө үчүн долбоорлоочу жана техникалык көзөмөл тартылган.
ФАП курулушунун хронологиясы
Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жергиликтүү бийлик кайрылса, мындай маселелерди чечүүгө болорун белгиледи. Ал объект курулуп, колдонулуп жаткандыктан, министрлик документтерди тариздөө жоопкерчилигин алууга даяр экенин айтты. Бирок мындай көйгөйлөр тууралуу маалымат ведомствого өз убагында келе бербей турганын кошумчалады.
Садыр Жапаров документсиз курулуш тажрыйбасы кабыл алынгыс экенин баса белгилеп, объектилерди курууда мыйзамдуу тартипти башынан эле сактоо зарылдыгын эскертти.














