Президент Садыр Жапаров Сокулук районунун тургундары менен болгон жолугушууда Манас айыл өкмөтүнө караштуу Комсомол айылынын тургунунун кайрылуусун карап чыкты. Жергиликтүү тургун коомдук транспорттун каттамын айылга чейин узартууну жана айрыкча кечки убакта үйүнө кайтып келе жаткан окуучу кыздар менен кыз-келиндердин коопсуздугун камсыздоону өтүндү.

Айыл тургунунун айтымында, калктын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарына жумушка жана окууга каттайт. Бирок шаардан кайткандан кийин адамдар 10 гектарга жакын талаа аркылуу жөө басууга аргасыз. Караңгы убакта бул аймак кооптуу, анткени ал жерде мас абалындагы адамдар чогулуп, чыр-чатактар болуп турат.

Ал ошондой эле тургундар автобус каттамын узартуу өтүнүчү менен мэрияга жана губернаторго бир нече жолу кайрылышканын, бирок маселе али чечиле электигин кошумчалады.

Эгер бир километр жол кыздар үчүн коркунуч жаратса, аким, сен арыз жаз, ошол жерге чырактарды орнотобуз. Бир километрге биздин азыркы мүмкүнчүлүктөр жетет. Келгиле, бул маселени тез арада чечели.
Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президенти

Мамлекет башчысы биринчи кезекте жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. Ал акимге тийиштүү арыз менен кайрылып, узундугу болжол менен бир километр болгон бөлүккө кыска мөөнөттө көчө чырактарын орнотууну тапшырды.

Автобус каттамын узартуу маселесине келсек, президенттин айтымында, ал кошумча кароону талап кылат, анткени айылга кирүү үчүн учурдагы каттамды өзгөртүү зарыл болот. Бул маселе кийинчерээк каралышы мүмкүн.