Жыйынга мамлекеттик катчы Арслан Койчиев төрагалык кылды. Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимпоздор, манасчылар, маданият жана искусство ишмерлери, ошондой эле улуттук мурастын ар кандай тармактары боюнча адистер катышты.

Энциклопедия жалпы улуттук мааниге ээ эмгек болуп, кыргыз элинин көп кылымдык тарыхын, мамлекеттүүлүгүн, руханий дүйнөсүн, материалдык жана материалдык эмес маданий мурасын, илимин, адабиятын жана искусствосун бирдиктүү илимий системада чагылдырышы керек.
Арслан Койчиев, мамлекеттик катчы

Катышуучулар энциклопедиянын негизги багыттарын жана милдеттерин, мазмундук түзүмүн, илимий-методологиялык негиздерин жана долбоорду ишке ашыруу механизмдерин талкуулашты.

Арслан Койчиевдин айтымында, энциклопедия жалпы улуттук мааниге ээ эмгек болуп, кыргыз элинин көп кылымдык тарыхын, мамлекеттүүлүгүн, руханий дүйнөсүн, материалдык жана материалдык эмес маданий мурасын, илимин, адабиятын жана искусствосун бирдиктүү илимий системада чагылдырышы керек.

Концепциянын алкагында кыргыз элинин тарыхына жана мамлекеттүүлүгүнө, «Манас» эпосуна жана манасчылык өнөргө, кыргыз тилине жана адабиятына, улуттук музыкага, архитектурага, кол өнөрчүлүккө, салттуу жашоо образына, гастрономиялык маданиятка, элдик билимдерге жана улуттук спорт түрлөрүнө өзгөчө көңүл буруу пландаштырылууда. Ошондой эле көрүнүктүү инсандар жөнүндө материалдарды киргизүү каралууда.

Мындан тышкары, өлкөнүн бардык аймактарынын тарыхый-маданий мурасын объективдүү чагылдыруу жана кыргыз элинин дүйнөлүк цивилизациядагы ролун көрсөтүү зарылдыгы белгиленди.