Мамлекет башчысы өз сөзүндө кыргыз милициясы бир кылымдан ашуун тарыхында татаал сыноолорду башынан өткөрүп, элге кызмат кылуу, коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү сыяктуу негизги милдетин аткарууга жан үрөп келгенин белгиледи.
Президент Президенттик Администрациянын маалыматы боюнча, акыркы алты жылда мамлекет ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматтык имараттарды жаңылоого, кызматкерлердин социалдык шарттарын жакшыртууга жана санариптик технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты.
Мындан тышкары, 1-декабрдан тартып ИИМ кызматкерлери жогорулатылган айлык акы, ал эми ардагерлер көбөйтүлгөн пенсия ала баштайт.
Президент милиция кызматкери болуу ар кимдин эле колунан келе бербеген, өзгөчө кыраакылыкты жана ар-намысты талап кылган жоопкерчиликтүү кесип экенин баса белгиледи. Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери тарыхтын оор мезгилдерине карабастан, мамлекет жана коом алдындагы милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып келишкенин кошумчалады.





















