Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Чүй облусунун Панфилов районунда кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 102 жылдыгы белгиленди. Иш-чара Кайыңды шаарындагы райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өттү.

Майрамдын алкагында генерал-майор Кемелбек Кыязовго райондук ички иштер бөлүмүндөгү көп жылдык кызматы жана укук коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Панфилов районунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.

Иш-чаранын катышуучулары

Сыйлыктар тапшырылды

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. Бир катар кызматкерлер медалдар, ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.