Тоң районунда 2-ноябрда кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Иш-чарага Тоң райондук администрациясынын жетекчилиги, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери катышты.
Кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы үчүн бир катар милиция кызматкерлери Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.
Салтанаттуу иш-чаранын аягында райондук маданият бөлүмүнүн чыгармачыл жамааты атайын даярдалган концерттик программаны тартуулады.






























