Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул окуяга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси ("Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү") менен кылмыш иши козголгон.
Учурда күнөөлүүлөрдү аныктоо жана алардын аракеттерине юридикалык баа берүү максатында тергөө иштери жүрүп жатат.
Алдын ала медициналык маалымкатка ылайык, жабыркаган аялдын оң колунун үчүнчү манжасынын ортоңку фалангасы сынып, бирок сөөктөрү ордунан жылган эмес.
Буга чейин Ош ОИИБдин басма сөз кызматы 2026-жылдын 22-июлунда Ӧзгөн райондук ИИБге Дөң-Булак айылындагы пиво заводунун жанындагы дүкөндө мас абалындагы жигиттер мушташып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөнүн билдирген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 21-июлдан 22-июлга караган түнү саат 02:20 чамасында Ӧзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагындагы пиво заводунун жанындагы кафелердин биринде эс алып жаткан эки жаран спирт ичимдиктерин ичишкен.
Алар эсеп боюнча төлөөдөн баш тартып, чыр чыгарып, мекеменин администратору, 1984-жылы туулган А.К. аттуу жаранга денесине залал келтиришкен.
Жабырлануучу алган жаракаттардын оордук даражасын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.



