Өзгөн районундагы кафелердин биринин администраторун сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) билдирди. Аталган факт боюнча «Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда кафенин кардары аял-администраторду сабап жаткан видео тараган. Кийинчерээк жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылганы белгилүү болгон.


