Суу биоресурстарын коргоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана суу экосистемаларын сактоо максатында 3-ноябрда Ысык-Көл облусунда рейддик иш-чара өткөрүлдү. Рейддин жүрүшүндө көлдөн жалпы узундугу 400 метр болгон 4 эски балык уулоочу тор табылып, алынып чыгарылды.

Ошол эле күнү Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан дагы рейддик иш-чара өткөрүлүп, анын жыйынтыгында көлдөн дагы 1000 метр балык уулоочу тор алынган жана 20 кг ар кандай таштанды чогултулган.

Бир күндүн жыйынтыгы

1400метр эски тор
20кг таштанды

Министрлик белгилегендей, жыл башынан бери өлкөнүн суу объектилерин тазалоо жана суу биоресурстарын коргоо иштеринин алкагында 160 миң метрден ашык эски балык уулоочу тор алынып, 4 миң килограммга жакын ар кандай таштанды чогултулган.

Суу биоресурстарын коргоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана суу экосистемаларын сактоо максатында рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги