Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жыл башынан бери өлкөнүн суу объектилерин тазалоо жана суу биоресурстарын коргоо боюнча иш-чараларды улантууда. Бул иштер браконьерликке каршы күрөшүү жана суу экосистемаларын сактоо максатында жүргүзүлүүдө.
Суулардан алынгандар
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын «Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, ошондой эле министрлер кабинетинин айрым суу объектилеринде балыкты өнөр жайлык кармоого мораторий киргизүү жөнүндөгү токтомуна ылайык уюштурулууда.
Негизги иштер жүргүзүлүүчү жерлер
- Ысык-Көл көлү
- Соң-Көл көлү
- Токтогул суу сактагычы
- Орто-Токой суу сактагычы
- Киров суу сактагычы
- Өлкөнүн башка суу объектилери
Министрлик эски синтетикалык торлор балыктар жана башка суу жаныбарлары үчүн олуттуу коркунуч экенин эскертет. Алар торго чатылып, өлүп калышы мүмкүн. Мындан тышкары, мындай торлор жана башка таштандылар суу экосистемаларына терс таасирин тийгизип, биологиялык ар түрдүүлүккө зыян келтирет.























