2026-жылдын 27–28-октябрында Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Түп районунун Кудургу, Кичи-Өрүктү айылдарынын жана Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү, Григорьевка айылдарынын акваториялары тазаланды.
Эки күндүн ичинде чыгарылган таштандылар
Министрликтен билдиришкендей, бул иш-чаралар көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу жана балык ресурстарын коргоо максатында уюштурулган.
Бул иш-чаралар 2026-жылдын башынан бери системалуу түрдө жүргүзүлүп келет. Аймактык башкармалык мындан ары да көлдү тазалоо боюнча иштерди улантат.






















