Ысык-Көлдө өткөрүлгөн тазалоо иштеринин алкагында алты айда 50 чакырымдан ашык синтетикалык балык кармоочу торлор алып чыгарылды жана 1250 килограмм таштанды жыйналды.
Бул маалымат Экология, техникалык көзөмөл жана жаратылыш ресурстар министрлигинин жыйынында жарыяланды. Министрликтин маалыматына ылайык, көл жээгиндеги эс алуу жайларында экологиялык талаптар катуу көзөмөлдөнөт.
Бул аралыкта 1267 эс алуу объектиси көзөмөлгө алынып, полиэтилен колдонуу 50%га кыскарды.
Бүткүл республика боюнча рейддердин саны 108ден 160ка жогорулады, бул 48,1%га көбөйүүнү көрсөтөт.
Рейд учурунда жалпы 86 550 метр синтетикалык балык кармоочу торлор жана 1655 килограмм таштандылар алынган. Өткөн жылга салыштырмалуу бул көрсөткүчтөрдүн өсүшү бир топ байкалат.
Ысык-Көл жана республика боюнча тазалоо көрсөткүчтөрү


