Укук коргоочу жана Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын мурунку судьясы Клара Сооронкулова Семен Чуйков атындагы арт-галереяда жакында өткөн көргөзмөдөгү сүрөттөрдүн автору Вячеслав Абдрашитов (Качан) экенин билдирди.
Анын айтымында, сүрөтчү «Лукойл Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Юсуп Кольбаевди өлтүргөндүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган жазасын өтөп жатат.
Клара Сооронкулова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазгандай, 1997-жылы Вячеслав Абдрашитов өлүм жазасына кесилген, бирок кийинчерээк бул өкүм өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырылган. Ал 25 жылдан ашык убакытты №1 тергөө абагында бир кишилик камерада өткөргөн.
Укук коргоочу ошондой эле тергөө учурунда Вячеслав Абдрашитов ырайымсыз кыйноолорго дуушар болгонун ырастайт. Анын айтымында, кыйноо фактысы кийинчерээк сот тарабынан таанылган. Жүргүзүлгөн экспертизалар анын күнөөсүн далилдеген эмес, бирок бул чыгарылган өкүмгө таасир эткен эмес.
Буга чейин 24.kg басылмасы сүрөтчүнүн эмгектеринин көргөзмөсү көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратканын кабарлаган. Анын сүрөттөрүнүн көргөзмөсү биринчи жолу өтүп жаткан жок.




