Королдук Бахрейндин өкүлү болгон Gulf University университетинин профессору Ахмед Тавальби «Кабар» агенттигине дүйнөлүк маалымат айдыңындагы тез өзгөрүүлөрдүн шартында эл аралык медиа форумдун өзгөчө маанисин айтты.

Анын билдирүүсүндө, мындай аянтчалар ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө бири-бирин жакшыраак түшүнүүгө, тажрыйба алмашууга жана учурдагы чакырыктарга биргелешип жооп табууга мүмкүнчүлүк бергендиктен, бүгүнкү күндө өзгөчө талап кылынууда.

Баарыдан мурда, мындай форумду уюштургандыгы үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиргим келет. Бүгүн медиа мейкиндиги оор мезгилди башынан өткөрүп жатат, биз болуп жаткан процесстерди түшүнүшүбүз керек. Жасалма интеллекттин өнүгүшү менен фейк маалыматты ишенимдүү журналистикадан айырмалоо өзгөчө маанилүү болуп калды. Мындай жолугушуулар кесиптик коомчулукка пикир алмашууга, таанышууга жана татаал маселелерди биргелешип чечүүгө жардам берет.
Ахмед Тавальби

Профессор Бахрейндеги Gulf University университетинде медиа тармагында профессор болуп иштей турганын да белгиледи. Анын айтымында, университет Россия менен маданий байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл буруп, анда орус тили окутулган Орус борбору ачылган.

Ахмед Тавальби форумга келиши эл аралык кызматташтыкты жана кесиптик диалогду өнүктүрүүгө болгон кызыгууну ырастап жатканын билдирди. Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМКларынын жана аналитикалык борборлорунун форуму биринчи жолу өтүүдө. Аны Кыргыз улуттук маалымат агенттиги уюштурууда.