Ысык-Көл жээгинде олимпиадалык спорттун 40 түрү боюнча машыгууларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү заманбап борбор куруу пландалууда. Бул долбоордун алкагында Жети-Өгүз районунун Тосор айылында улуттук спорт борбору курулат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди.

Спортчуларды даярдоо үчүн деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктиктеги 72 гектар жер аянты каралууда. Кубатовдун айтымында, мындай шарттар спортчулардын машыгуусу үчүн кошумча артыкчылыктарды түзүүгө шарт түзөт. Ал мурда советтик мезгилдеги машыгууларды жана Түштүк жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн курама командаларынын Ысык-Көлдөгү тажрыйбасын мисал катары келтирди.

30-50млн доллар
40спорт түрү
72гектар
1600метр бийиктик
Эгерде биз бул комплексти кура алсак, анда дүйнөдө спортчуларды даярдоо үчүн мындай базага ээ болгон жетичи жай болот.
Эдуард Кубатов, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси

Борбордо алгач жайкы спорт түрлөрү боюнча машыгуулар уюштурулат, ал эми келечекте кышкы спорт түрлөрүн кошуу каралууда. Долбоор спорттук туризмди өнүктүрүүнү көздөйт. Бул аркылуу Кыргызстанга Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Кытай жана Жакын Чыгыш өлкөлөрүнөн спортчуларды тартуу пландалууда.

Кыргызстандын улуттук курама командалары, өзгөчө олимпиадалык команда үчүн инфраструктураны колдонуу акысыз болот. Башка федерациялар үчүн машыгуу баасы суткасына болжол менен 50 доллардан баштап белгиленет.